Мадумаров: "Бүгүн төрт саясатчы Темир Сариев менен жолукту"

Бүгүн президенттикке талапкер Темир Сариев Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Бакыт Төрөбаев менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта SUPER.KG порталына Мадумаров билдирди. Анын айтымында, биригүү боюнча дагы башка талапкерлер менен сүйлөшүүлөр жүрөт.

Эске салсак, 6-августта “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партияларынын лидерлери бир талапкерди колдоо үчүн макулдашууга кол коюшкан. Жакында арасынан бир талапкерди президенттик шайлоого көрсөтүшөрүн билдиришкен.

Президенттикке шайлоого аттануу үчүн 59 талапкер БШКга арыз берип, анын экөө баш тарткан. Ал эми бирөөсүнүн талапкер болууга жашы жетпей калган. Учурда 52 талапкер калды. Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан