Түндүк Корея АКШнын аскердик базасына ракеталык сокку ура ала турганын билдирди

Түндүк Корея АКШнын Гуам аралындагы аскердик базасына ракеталык сокку ура ала турганын билдирди. Бул тууралуу Корей эл армиясынын стратегиялык күчтөрүнүн төрагасына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, азыркы учурда орто жана узак аралыкка учуучу Хвасон-12 ракетасы менен аталган аралдын аймагын согуу планы даярдалууда. "Андан соң бул план Түндүк Кореянын ядролук күчтөрүнүн башкы кол башчысы Ким Чен Ынге берилмекчи. Башкы кол башчы чечим кабыл алганда кайсы убакта болбосун план ишке ашмакчы. Түндүк Кореянын аскерлери АКШны аскердик аракеттерди токтотууга чакырып, "келечекте өкүнүп калбагандай туура тандоо кылуусу керек" деп эскертишет" деп айтылат Түндүк Кореянын армиясынын билдирүүсүндө.

Айта кетсек, 6-августта Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга баллистикалык ракеталарды учурганы үчүн санкцияларды киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан