Сулуулук сынагынын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы: "Сусанна Егорян мени эле эмес, бүт кыргыз элин сатып кетет деп ойлобоптурмун"
Буга чейин SUPER.KG порталына 17 жаштагы Сусанна Егорян Ливандын борбору Бейрут шаарында өткөн "World Next Top Model" сулуулук сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып, биринчи вице-мисс аталганын билдирген. Бирок бүгүн, 9-августта Егорян сынакка Кыргыздын эмес, Армениянын атынан катышканы маалым болду. Ал эми анын бул кылыгы тууралуу аны сынакка жиберген сулуулук сынагынын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды:
“Соңку жаңылыктарды угуп, мен да силердей эле абдан нес болдум. Мен Сусаннаны Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышууга жибергем, бирок ал өзүнө добуш берген мени эле эмес, бүткүл элди сатып кетет деп ойлогон эмесмин. Сураныч, суроолор болсо мага эмес Егоряндын өзүнө кайрылгыла", - деген ал.