Бүгүн, 9-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда камакта отургандарды тил сынагына катыштыруу маселесин кароо сунушталды. Мындай сунушту БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева киргизди. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул боюнча атайын түзүлгөн жумушчу топтун чечими чыккандан кийин кароо керек экенин айтты. Ал эми Жогорку Соттун чечимин Шайлдабекова кечээ, 8-августта саат 20:00дө алганын билдирди.
БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова Жогорку Соттун чечиминде отурумда каралсын деп жазылгандан кийин жумушчу топтун чечимин күтпөстөн каралышы керек экенин белгиледи. Абдрахматова бул маселе добушка коюлушу керек экенин айтты.
Жыйынтыгында добушка коюлуп сунуш четке кагылды.
Эске салсак, кечээ, 8-августта Жогорку Сот президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевди тил сынагына катыштыруу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырган. "Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова "Бишкек шаарынын райондор аралык соту Борбордук шайлоо комиссиясын Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик тил сынагына катыштыруу маселесин кароону милдеттендирди" деп билдирген болчу. БШК "Сот Текебаевди тил сынагына катыштыруу маселесин кароого милдеттендирген жок. Болгону "БШК аракет көргөн эмес" деп тапты" деп билдирүү тараткан.