“Кеңеш” тобу “Айылым” аттуу ырына клип тарттырды. Ырдын сөзү Ташкент кызы Гүлгө, обону Мүзүр Мамбетовго таандык. “Ыр өзү Кыргызстандагы бардык айылдарга арналып чыгарылган. Негизинен эле көпчүлүк адам айылдан келет эмеспи. Бирок кантсе да эл айылды унутуп бара жаткансыйт. Ал эми клипте болсо айылда болгон кызыктуу окуяларды чагылдырганга аракет кылдык. Тамашалуу да болду. Анда дизайнер жана ырчы Сайра Момунбаева, “Жоролор” тобундагы Эсен Кыдыралиев менен менин уулум Медер роль жаратышты”,- дейт топтун ырчысы Мүзүр мырза. Айта кетсек, топтун “18 жаш”, “Ак кеме” жана “Аядым” аттуу ырларынын клиптери жакын арада чыгат.