Интернетте америкалык модель жана актриса Ким Кардашьян менен анын сиңдиси Кайли Женнердин “эгиздери” пайда болду. Тактап айтканда, алардын фанаттары Соня жана Физа Али аттуу эже-сиңдилер өздөрүнүн социалдык тармактагы баракчасына аталган белгилүүлөрдү туурап, аларга окшош боёнуп, кийинип түшкөн сүрөттөрүн жарыялап турушат. Аларга катталган окурмандардын саны – 600 миңден ашуун.
Эже-сиңдинин келбети Кардашьяндарга куюп койгондой окшош. Муну алар жөн гана дал келүү деп айтышат. Бирок чет элдик басылмалар кыздар мындай окшоштук болуусу үчүн бир канча пластикалык операцияларды жасаткандарын жазып чыгышкан.
Ошондой эле Соня жана Физа Алилер Британияда төрөлүшкөнү менен, учурда Дубайда визажист болуп иштей турганы айтылат.