Текебаевдин соту башталды. Бүгүн өкүм чыгары күтүлүүдө

Бүгүн, 11-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отуруму башталды. Бүгүн аларга карата өкүм чыгары күтүлүүдө.

Учурда Текебаев жарыш сөзүн улантып жатат. Ал 2010-жылдагы тарыхый кырдаал, анда кабыл алынган чечимдер, Убактылуу өкмөттүн түзүлүшү, кадрлардын дайындалышы туурасында айтып берүүдө. Сотко Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Салянова жана Жанар Акаев келди. Бирок сакчылар депутаттар менен айыпталуучулардын учурашуусуна жол берген жок.

Кечээки отурумда Текебаев өзүн жаман сезип жатканын айтып, кечки тамактанууга убакыт бөлүп берүүнү сурап, жараянды эртеңкиге калтырууну суранган. Бирок сот анын жарыш сөзү бүтмөйүнчө отурумду жабуудан баш тарткан. Текебаев жарыш сөзүн сүйлөп жатып, жүрөгү кармап калып, ага "Тез жардам" кызматы чакырылган. Жактоочунун дарыгерлерге таянып айтканы боюнча, отурумда Текебаевдин кан басымы көтөрүлгөн. "Мындан улам дарыгерлер Текебаев эки күн эс алып, анын тынчын албаш керек экенин айтышты", - деген жактоочу. Мындан тышкары сот Айбек Эрнис уулуна да медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

Прокурор соттон Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну суроодо.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Bahira
2017-08-11 09:21:50
Саясат менен шоу бизнес ото балит нерсе экен да тооба.....Акча учун саясатчылар намысын сатышат ырчылар да дал ушулар сыяктуу акча дегенде аларда намысты жыйнаштырып коюушат
+11
R_u_S
2017-08-11 09:28:53
Камалышын каалайм, ошондо гана кыргыз эли көтөрүлүп Садыр Жапаровко да боштондук берилмек. Болбосо эмнегедир ал агабыз унутта калып жаткансыйт
-8
keba300989
2017-08-11 09:57:08
R_u_S, Текебаевтин ордунда болгонунда эмне кылмак элен, бироого олум тилегиче деген соз бар
+5
PROS
2017-08-11 09:29:00
11 жыл 6 айга эркинен ажыратышат да сот болумуштар, башка чечимди күтпөй эле койгула! Адилеттүүлүк жок азыркы соттордо! Акты ак, караны кара деген сот жок кыргызстанда.
+3
dastan_nookat
2017-08-11 09:46:17
Саясатан тажап кетим качан бизде да тынч болот экен бары эле сотошуп жатат таза иштеген адам калбай калды окшойт
+4
aruuke0000
2017-08-11 09:52:32
10-15жылга эркинен ажырады деп окушума козум жетип эле турат.
+4
jbolotov
2017-08-11 09:53:22
Камалвш керек коррупционерлер
-7
jbolotov
2017-08-11 09:56:49
Кан басымдан журок кармаган адам оор болот, инсульт алышы мумкун а бул жерде Текебаев актердугун корсотушу мумкун ошентип эки кун убакытты созсо бирдеме ойлоп табышмакго, сотторда муну билип ишти токтотбогон окшшойт деп калдым.
-6
Munar8625
2017-08-11 10:05:47
Текени камап салса 120 ХХХХ кайда басат
+4
rysik79
2017-08-11 10:16:48
8 жылды тиштейт азоо теке
-4
didu
2017-08-11 11:01:53
эч бир далили жок камашат Батукаевти бошоткондордуда тутуп камаш керек тез
+2
jbolotov
2017-08-11 11:15:32
Маевский менен болгон окуялар Ош окуясы болуп атканда болгон экенда, туштукто канчалаган адамдар кыйналып атышса бул шумшук мегакомду кантип сатсам деп, озу айтып атбайбы Маевский жолуктук деп айткан куну биз Отунбаеванын кабинетинде Оштогу окуяны таалкуулап атканбыз деп. Анда эмне учун Маевский келген? Текебаевди сагынганынан келгенби?
-3
grace
2017-08-11 12:57:09
Камалмакчы бир күн чыгат. Бирок Конституциянын атасы дейбиз, кантсе да элге эмгек сиңирген адам, аман болсун. Эгер жегичтерди баарын камаса жакшы болмок, элдин акчасын жеген атка минерлер Кыргызстанда ар бир министр, чиновниктер, мэрлер жана айыл өкмөткө чейин толтура. Бир эле Текебаев камалып калгандары сүттөн ак эмес да. Чындык чыркырап жатат, коррупцияны кытайлардай өлүм жазасына тартуу менен гана жоёбуз го. Ошондой күндөргө жеткирсин Кудайым буюрса!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан