Бүгүн, 4-июлда саат 18:30да SUPER.KG порталынын түз эфирине мамлекеттик айыптоо тараптан Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча түшүндүрмө берүүгө прокурор Кубанычбек Бейшекеев келди.
Буга чейин Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча соттук отурумдар, Леонид Маевский, Алексей Модин жана дагы башкалардын көрсөтмөлөрү тууралуу депутаттын жактоочулары түз эфирде маек курушкан.
Леонид Маевскийге пара берүү боюнча башка иш ачылганын, ал боюнча тергөөчүлөр иштеп жатышканын билдирди прокурор.
"Аны жоопко тартуу боюнча келишим бар. Пара бергенин далилдеп, Орусия сотуна жиберилет. Маевскийдин иши ал жактын мыйзамы менен каралат", - деди Бейшекеев.
Ал эми бүгүнкү соттук отурумда Текебаевдин айрым тарапташтары сот залынан чыгарылып, "Мегаком" компаниясынын директору Азат Базаркулов көрсөтмө берип, Талант Маматкеримов ага Текебаевге акча берилгенин айтканын билдирди.