Президенттик аппараттагы бөлүм башчысы иштен кетти

Президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Кулматов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Алмаз Кулматов өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.

Айта кетсек, Алмаз Кулматов президенттик аппараттын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп 2017-жылдын 14-мартында дайындалган.

А.Кулматов 1967-жылы 5-декабрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда туулган. Ал буга чейин Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан