Президенттик шайлоого талапкер болуп катталуу үчүн арыз бергендердин ичинен беш киши 30 миңден ашуун кол топтоо шартын аткарып, Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышты. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришип, учурда 51 талапкер бар экенин баса белгилешти.
Маалыматка ылайык, Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаев, Бакыт Төрөбаев жана Сооронбай Жээнбеков аталган талапты аткарып, 30 миңден ашык жарандардын колун топтоп тапшырышкан. Алардын ичинен Сариев 60 миң кол топтосо, Текебаев 38 миң 642, Бабанов 107 миң, Жээнбеков 50 миң 44, Төрөбаев 72 миң 298 жарандын колун топтоп тапшырган.
Ошондой эле БШКдан алардын ичинен азырынча, Сариевге гана "президенттикке талапкер" макамы берилгенин билдирди.
Айта кетсек, 30 миң кол топтоп тапшыруу - президенттикке талапкерлерди каттоодогу негизги үч талаптын бири. Президенттик шайлоого ат салышмакчы болгондор мындан тышкары Мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүп, 1 миллион сом күрөө төгүшү керек. Ошондон соң гана БШК аларды талапкерликке каттайт.
Ал эми чогултулган колдорду тапшыруунун акыркы мөөнөтү 25-августта аяктайт. Шайлоо 15-октябрга белгиленген.