15-17-август күндөрү Чолпон-Атада кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өтөт. Ага Өзбекстандын премьер-министри катышат

Кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны 15-17-август күндөрү өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, эки тараптуу жыйын Чолпон-Ата шаарында өтөт. Иш-чарага катышуу үчүн Кыргыз мамлекетине Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келет.

Буга чейин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен өзбек премьер-министри телефон аркылуу сүйлөшүп, жыйындын даярдыктары тууралуу талкуулашкан. Мындан тышкары Абдулла Арипов Кыргызда 2017-жылдын октябрында өзбек маданият күндөрүн өткөрүүгө өзбек тараптын даярдыгын тастыктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан