Башкы прокуратура: “Болот Шерге кылмыш иши козголгон эмес”

"Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шерге карата 2010-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин мүлкүн басып алгандыгы тууралуу кылмыш иши козголгон эмес". Бул маалыматты бүгүн, 22-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы депутаттын айткан сөзүнө жооп катары билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, 2012-жылдын 22-август күнү Курманбек Бакиевдин мүлкүн тартып алган адамдарга карата козголгон иш 2013-жылдын 29-январында токтотулган. Кайра бул иш 21-майда ИИМдин тергөө башкармалыгы тарабынан козголду. Эске салсак, бүгүн, 22-майда ЖКнын жыйынында "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин абактан эрте бошотулушун жана өлкөдөн чыгып кетишин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Болот Шер ага карата Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогондугун билдирген болчу.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан