Кыргызстандык бийчилер Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей "Kazakhstan Open-2013" мелдешинен алтын медаль утуп алышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жарыялашты. Айта кетсек, мелдеш 18-19-май күндөрү Алматы шаарында өтүп, ага Кыргызстан, Орусия жана Казакстандан 500 жуп катышты. Ал эми мекендештерибиз латын-америка бийи боюнча Орусия жана Казакстандын спортчулары менен күч сынашып, 1-орунду ээлеген.