Жогорку Кеңеште Аксакалдар сотторунун ишин жандандырууга багытталган “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамы бүгүн, 22-майда каралып, 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Адилет министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, мыйзам долбоорунда анчалык татаал эмес укук бузуу көрүнүштөрүнө укук коргоо органдарынын катышуусуз эле аксакалдар соту аркылуу акыйкат чечим чыгаруу менен тарбиялоо иштерин жүргүзүү чаралары камтылган. Аксакалдар соту терс жосундарга, ар кандай талаш-тартыштарга карата ыкчам чара көрүү усулу болуп саналат. Ошону менен бирге, аксакалдар соту ишти акысыз жүргүзөт. Ошондой эле мыйзам долбоорунда коомдук жумушка чегерүү, эркиндикти убактылуу чектөө, түзөтүү жумуштарына тартуу сындуу жазанын атаандаш чаралары да каралган. Баяндамачынын пикиринде, аксакалдар сотунун төрагалыгына 50 жаштан жогорку курактагы жарандар шайланууга тийиш. Алардын билим деңгээли мааниге ээ болбойт.