2011-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө 760 миллион сомдук 857 даана айыл чарба техникасы лизингге берилген. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 22-майда Бишкектеги эски аянтта “Айыл-агро-2013” аттуу агрардык өнөр жай жана айыл чарба көргөзмөсүнүн ачылышында билдирди. “Жылдын акырына чейин дагы 500 даана техника берилмекчи. Бул көргөзмө ушул сыяктуу маселенин чечилишинин куралы болуп саналат”,- деди өкмөт башчы.