Бүгүн, 15-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анда айыпталуучу Текебаев жарыш сөзүн улантып, саат 11ге жакын аяктады. Бир аз тыныгуудан кийин Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Искен Афиджанов жарыш сөзүн баштады.
Буга чейин жарыш сөзгө чыккан прокурор соттон Өмүрбек Текебаевди 10 жылга, Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну сураган. Ал эми 10-августта башталган Өмүрбек Текебаевдин жарыш сөзү ушул убакка чейин уланды. Анда ал анын күнөөсү далилденбегенин жана ага ачылган иш саясий буюртма экенин айткан болчу.