“Таза коом” долбоору ишке ашса бала бакчаларда жана мектептерде электрондук кезек орнотула турганын бүгүн, 15-августта аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча өкмөттө өтүп жаткан отурумда маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакытбек Шаршембиев билдирди.
Анын айтымында, электрондук кезекке туруу жарандарга жакшы шарт түзөт. Ошондой эле кылмыштуулукту каттоо үчүн бирдиктүү китеп пайда боло турганын айтты. Мындан тышкары “Таза коомдун” алкагында бир канча долбоорлор ишке аша турганын кошумчалады.
“Өлкөнүн бардык айылдарында “Кыргыз Почтасынын” системинде маалыматтык күркөлөр пайда болот. Мекемелерде иш кагаздар электрондук түрдө жүргүзүлөт. Ишкерлерди каттоодо да жеңилдиктер каралган. Нотариус, патенттер электрондук болот”, - деди ал.