Темир Сариев: "БШКнын Баткен облусундагы өкүлүн жумуштан алышы мыйзамдардын жана Эмгек кодексинин бузулушу"

Бүгүн, 15-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына БШКнын Баткен облусундагы өкүлү Замира Жороеванын кызматтан кеткенин жазып чыкты.

"Өкмөттө иштегендердин бири "Замира Жороева кайсы бир кечеде "Ак Шумкар" партиясы жана Сариев үчүн тост айтты" деп арызданган экен. Анын кесипкөйлүгүнө эч кандай доомат жок болчу. Жумуштагы эффективдүүлүгү үчүн облуска өкүл болуп дайындалган. Жороеванын айтымында, Темир Сариевди тааныбайт экен", - деп жазды Фейсбуктагы баракчасына.

Ал эми президенттик шайлоого талапкер катары аттанып жаткан Темир Сариев БШКнын Баткен облусундагы өкүлүн жумуштан алышы мыйзамдардын жана Эмгек кодексинин бузулушу экенин айтты.

"Замира Жороева менен тааныш эмеспиз, биздин партияга да эч тиешеси жок. Бирок бул кырдаал мыйзамдарыбыздын жана Эмгек кодексинин одоно бузулушу. Бул чечимди кабыл алгандар кызматтык абалын жана кызматкерлерге карата административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу дегендик. Мыйзам бузуулар боюнча БШКга мурун да кайрылганбыз, далилдер менен тастыктаган документтерди да жөнөткөнбүз", - деп айтылат Сариевдин билдирүүсүндө.

Ошондой эле Темир Сариев билдирүүсүндө "Окуяга карата БШК чара көрүп, мыйзамсыз иштен кетирилген айымды кайра ишке алсын. Ал эми прокуратура жана укук коргоо органдары да бул окуя боюнча иликтөө жүргүзөт деген үмүттөмүн" деп жазылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан