Ѳкмѳт башчысы Сооронбай Жээнбеков жаӊы программаны Кыргызстандагы саясий элитанын жаңы мууну менен да талкуулоого үлгүрдү. Ачык маанайдагы бейформал жолугушуу өкмөттүк резиденцияда өттү.
Сооронбай Жээнбеков сөз болуп жаткан жана башка бир катар маселелерди курагына жана кесипкөйлүгүнө карап чакырылган Алмазбек Атамбаевдин жана өкмөттүн командасынын жаш өкүлдөрү менен талкуулады.
Албетте, саясатчылар үчүн жаштык деген түшүнүк, мисалга спортчуларга караганда, башка ченем менен кабылданат. Маселен, америкалык президент Дональд Трамп жетимиштен ашса дагы, АКШда кары саясатчы деп аталбайт. Бүт дүйнөдө саясатта ушундай.
Ал эми бул жолугушуунун курагы боюнча эң эле кенжеси жакындан бери Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп жаткан Дастан Догоев (31 жаш) болду окшойт. Ал мурда ушул эле мекемеде директордун жаңы санариптик технологияларды өздөштүрүү боюнча орун басары кызматында иштеген. Жолугушууга президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Эльвира Сурабалдиева, Дастан Бекешев жана башкалар катышты.
Жогоруда белгилегендей, баарлашуу галстуксуз бейформал жагдайда өттү жана сөздү баштаган премьер-министр стартаперлердин – бизнес жолуна жаңыдан түшкөн жаш ишкерлердин форумуна катышуудан алган таасирлери тууралуу айтып берди. “Алардын өз алдынча ойлонуп, сунуш кылып, эч кимден жардам күтпөй өз проблемаларын чечип жатканы кубандырды. Ѳлкөбүздүн үмүтү болуучу жаштардын өсүп жатканы абдан жакшы көрүнүш”, - деди Сооронбай Жээнбеков.
Бул кечте жаш ишкерлерге жана жаштардын башка демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселеси маанилүү темалардын бири болгондугу таң калычтуу эмес. Анын үстүнө жолугушууга катышкандардын арасында “Мен Кыргызстанды ѳнүктүрѳм” долбоорунун автору Чыңгыз Макешев да отурду. Макешев өзү бизнесмен, анын “Келдике” зергер бренди бүт өлкөгө таанымал болуп калды. Жолугушуудагы темалар ушуну менен эле чектелген жок.
“Бүгүн бейформал жагдайда чогулуп, ар бирибизди эмнелер ойлондурарын ортого салып отурганыбыз мага абдан жакты. Азыр өлкөбүздүн башкаруу аппаратындагы муундардын алмашуусу башкы темалардын бири: Советтер Союзунун мезгилинде билим алып, иштеп, инсан катары калыптанган улуулардын алды пенсияга кете баштады. Албетте, бул муундун кайрат-күчү дагы он жылга кең-кесири жетет, бирок биз алдыга көз чаптырып, багытыбызды аныктай бергенибиз оң. Улууларды Советтер Союзун таптакыр элестете албаган эгемендүү жылдарда өсүп жетилген жаш муун алмаштырары шексиз. Бул муун менталитети, ой чабыты, билим деңгээли боюнча таптакыр жаңы муун. Алардын азыркы Кыргызстанда өз ордуларын табуусуна кантип жардамдашууга болот? Бул суроого эртелеп жооп издейли. Азыр Кыргызстанды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо аяктап баратат. Бул жерде 2040 стратегиясын даярдоону көзөмөлдөгөн Сапар Исаков да отурат. Жаңы документте кадр саясаты, жаштардын проблемалары, билим берүү маселелери кандай чечилет, алар туурасында кыскача айтып берет го деген ойдомун. Мен өз тажрыйбамдан улам бардык муундун өкүлдөрүнөн турган ишкана же мекемеде гана иш кайтарымдуу болорун айткым келет. Улуураактар өз тажрыйбасын жаштар менен бөлүшүп, алардан заманбап идеялардын чыгышына түрткү берет. Тажрыйба менен жаштык жигерди айкалыштыруу – кайтарымдуу эмгектин ачкычы”, - деген Сооронбай Жээнбеков жакын арада Улуттук кадрлар резервин түзүү башталарын эскертти. Анын тизмесине алда канча келечектүү жаш кадрлар киргизилет.
“Силер баарыңар азыр президент Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин күч аракети менен бийликтин жогорку эшелонунда көптөгөн кесипкөй жаштар пайда болгондугуна күбөсүңөр. Мамлекеттик бийликтин бийик кырынан кесипкөй жаштардын топ жылдыздары көрүнө баштады десек болот. Мен баарыңарды абдан баалайм жана келечекте бирдиктүү команда катары бирге иштешерибизге ишенем. Ачык айтсам, силерге үмүт артып отурам”, - деп сөзүн уланткан премьер-министр акыркы жылдарда мамлекеттик аппараттын төмөнкү кабаттарында да бир топ жаш башкаруучулар пайда болгондугун кошумчалады. Айтымында, алар билимин арттырып, тажрыйбага ээ болушса, сөзсүз жогорку кызматтарга талапкер болушат. Ал эми ортоңку звенодогу кадрлар маселесинде ортозаар жагдай орун алууда.
“Кыргызстандагы 50 райондук билим берүү бөлүмдөрүндө канча жаш бөлүм башчы бар экендигин билесиңерби? Бирөө гана! Бизге бөлүм башчы деңгээлинде министрликтин департаменттерин, шаарлар менен айыл өкмөттөрүн жетектей турган жаш кадрлар абдан керек. Орто деңгээлдеги жаш кадрлардын дефицитин жоюу ниетим бар. Албетте, мыйзам боюнча курактык квоталарды киргизүүгө биздин укугубуз жок. Бирок келечектүү кадрлардын тесттерге даярдануусуна эмнеге жардамдаша албайбыз? Бул жерде отурган баарыңарда өлкөдөгү кырдаал боюнча айта турган өз оюңар, сунуштарыңар бар. Силердин пикирлер азыр абдан баалуу”, - деди Сооронбай Жээнбеков.
Жолугушуунун соңунда Эльвира Сурабалдиева: “Жогорку Кеңеште жаштарды чогултуп, жалпы максатты аныктай турган ушундай нерсе жетишпей жатты эле. Баарыбыз ушул жолугушууда жакындан таанышып, бирдиктүү команда экенибизди түшүндүк”, - деди.
Жолугушууну жыйынтыктаган президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков Кыргызстан калкынын басымдуу бөлүгүн жаштар түзгөндүктөн, сабаттуу жаштар саясаты болмоюнча өлкөбүз нормалдуу өнүгө албайт деп белгиледи. Ошондой эле ал жолугушуунун катышуучулары үчүн мындан ары да Сооронбай Жээнбеков менен кызматташууга мүмкүндүк болорун кошумчалады. Кандай деңгээлде, аны убакыт көрсөтөт.