Бүгүнкү күндө Кыргызстанда айыл чарба жумушчуларынын саны 950 миң адамдан ашык. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев бүгүн, 22-майда Бишкекте өткөн улуттук агрардык форумда билдирди. Министрдин айтымында, Кыргызстандын калкынын 60 пайызга жакыны айыл жеринде жашайт жана айыл калкынын дээрлик көпчүлүгү айыл чарба иштери менен алектенет. Кыргызстанда айыл чарба жерлеринин аянты 10 миллион гектарга жакын экендигин да кошумчалады Узакбаев.