"Реал Мадрид" футболдук клубу Испания Суперкубогунун жооптук беттешинде "Барселонаны" утуп, кубокту жеңип алды. Беттеш 17-августка караган түнү "Сантьяго Бернабеу" стадионунда өтүп, мадриддик "Реал" 2:0 эсеби менен "Барселонанын" үстүнөн жеңишке жетти.
Оюн "Реал Мадриддин" футболчуларынын чабуулу менен башталган. Марко Ассенсио 4-мүнөттө алыстан узаткан таамай соккусу менен эсепти ачкан. 39-мүнөттө Карим Бензема топту дарбазага таамай багыттап, жеңиш голун киргизди. Криштиану Роналду биринчи беттеште калысты түртүп жиберип, 5 оюнга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, бул оюнга да катышкан жок.
Эске салсак, Суперкубоктун биринчи беттешинде "Реал Мадрид" 3:1 эсебинде "Барселонаны" жеңип алган.