Ырчы Аскат Мусабековдун “Богошту” аттуу ыры жарыкка чыкты. Ырдын сөзү, обону Жумамүдүн Шералиевге таандык. “Бул ырды улуу композитор Жумамүдүн агайыбыз мурда эле чыгарыптыр. Бирок кийин гана анын архивинен таап чыгышты. Ыр Ат-Башы районундагы Богошту капчыгайына арналып жазылган экен. Анда жаратылыштын кооздугу тууралуу айтылат”,- деди ырчы мырза. Айта кетсек, бул ырды эч ким ушул убакытка чейин ырдап чыккан эмес. Аскат Мусабеков Богошту жерине барып, клип тарта турганын айтты.