КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев бүгүн телефон аркылуу сүйлөшүштү. Сүйлөшүү учурунда Дмитрий Медведев орус өкмөтү Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн 25 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлүү чечимине келгендигин билдирди. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга жардам колун сунганы үчүн Дмитрий Медведевге ыраазычылык айтты.