Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПдан билдиришти.
Маалым болгондой, 21-августта өкмөттүн жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ыйгарым укуктарын тапшырат. Президент өкмөттүн отставкасын кабыл алып, жаңы өкмөттүн курамын түзүүгө мандат бермекчи. Премьер-министрликке президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун талапкерлиги сунушталышы күтүлүүдө.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, президенттин, өкмөттүн же депутаттардын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу менен Жогорку Кеңештин кезексиз сессиялары чакырылышы мүмкүн.