Ошто ишкерлерди колдогон кепилдик фонду түзүлдү

Чакан жана орто ишкерликти колдоо максатында Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен “Ош кепилдик фонду” түзүлдү. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, фонддун негизги максаты - шаардын  ишкерлери банктардан насыя аларда күрөөгө койгонго мүлкү жетпей калган учурда аларга кепилдик берүү болуп саналат. “Учурда фондго мэрия тарабынан 3,8 миллион сом бөлүнүп, фонд аркылуу жакынкы күндөрдө шаардын ишкерлерине насыя алууга  ыңгайлуу шарт түзүлдү. Натыйжада Ош шаарында кошумча жумуш орундары түзүлүп,  өндүрүш көлөмдөрүнүн жана шаардын бюджетинин өсүүсүнө шарт түзүлөт”,- деп билдирет мэрия. Кепилдик фонд Ош шаары, Ленин көчөсү 318 дарегинде жайгашкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан