Белгилүү америкалык ырчы Селена Гомеске куюп койгондой окшош София Соларес аттуу мексикалык кыз табылып, ал интернетте популярдуу болууда. 22 жаштагы кызды кээ бир сүрөттөрүнөн ырчыдан айырмалоо бир топ кыйын. Себеби анын бети эле эмес, чачынын узундугу, сүрөткө түшүүсү дагы Селена Гоместикине окшош.
"Селенанын күйөрманымын. Эгерде ал мен тууралуу угуп, мага билдирүү жазса, кубанганымдан ыйлап жибермекмин", - дейт София Соларес.
Ал ырчыга окшошуу үчүн эч нерсе кылбагандыгын, мындай келбетти ага Кудай бергенин айткан. "Бирөөнү туурап, өзүмдүн өзгөчөлүгүмдү жоготкум келбейт", - деген ал. Учурда ырчынын "түгөйүнүн" интернеттеги баракчасына жазылгандардын саны 264 миңге жетти.