Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы аскер кызматташтыгы жөнүндө планга кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ташкентте коргоо министрлеринин деңгээлинде өткөн жолугушууда эки өлкө ортосунда мындай документ биринчи ирет пайда болгон. План боюнча тараптар биргеликте ыкчам, күжүрмөн аскердик даярдыктарды көрүшөт жана аскердик билим берүү иш-чараларын алып барышат.
Басылмалар Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов каза болгондон кийин Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык жанданып жатканын жазышкан. Буга чейин эки мамлекет чек ара өткөрмө бекеттерин кеңейтүү, талаштуу тилкелерди демаркациялоо боюнча бир нече келишимге кол коюшкан.