Бүгүн, 21-августта Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду каттады. Андан соң ал журналисттердин суроолоруна жооп берди.
"Башка талапкерлерге бирдей шарт түзүлсүн деп отставкага кетип жатам. Кудайым колдоп, мекендештерим добуш берсе жеңишке жетебиз. Жеңишке жетем деп ишенгендиктен шайлоого аттанып жатам. Ким премьер-министр боло турганын билбейм", - деди Жээнбеков.
Айта кетсек, бүгүн саат 12:00дө өкмөттүн жыйынында С.Жээнбеков кызматтан кетерин жарыялайт деп күтүлүүдө. Президент өкмөттүн отставкасын кабыл алып, жаңы өкмөттүн курамын түзүүгө мандат бермекчи. Премьер-министрликке президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун талапкерлиги сунушталышы мүмкүн.