Отставкага кетүүсүн жарыялаган премьер-министр Сооронбай Жээнбеков депутат Өмүрбек Текебаевге жана экс-депутат Садыр Жапаровго карата чыккан соттук өкүмдөр тууралуу журналисттерге жооп берди.
"Сот чечим чыгаргандан кийин аны аткаруу керек. Менин позициям мыйзамды сактоо, аны аткаруу болуп саналат", - деди Жээнбеков.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди күчөтүлгөн режимдеги 8 жылга эркинен ажыраткан. Ушул эле соттун чечими менен Садыр Жапаров 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.