Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгү премьер-министрликке Сапар Исаковдун талапкерлигин карайт

Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгү премьер-министрликке президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун талапкерлигин карайт. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта SUPER.KG порталына КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

"Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенден кийин президент Алмазбек Атамбаев жаңы өкмөт курамын бекитүү боюнча коалициялык көпчүлүккө мандат тапшырат. Сапар Исаковдун өкмөт башчылык кызматына бара турганы буга чейин эле ачык айтылып жүргөн. Коалициялык көпчүлүк өкмөт башчылыкка Исаковдун талапкерлигинин тегерегинде карайт. Азыркы учурда премьер-министрликке татыктуу ошол адам десем болот. Башка фракция колдойт болуш керек. Алдын ала макулдашу болгон", - деди ал.

Эске салсак, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы С.Жээнбековду президенттикке талапкер кылып каттаган. Андан соң өкмөттүн отурумунда Жээнбеков кызматтан кете турганын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан