Бишкекте “Чыңгыз Айтматов – адабий доор” аттуу китептин бет ачары болот

24-май күнү КРнын Илимдер академиясында жазуучу Кеңешбек Асаналиевдин “Чыңгыз Айтматов – адабий доор” аттуу китебинин бет ачары болот. Маалыматта айтылгандай, китеп Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына арналган. Ал 2003-жылы эле жазылып, анда Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу айтылат. Ал эми иш-чара улуу жазуучунун чыгармачылык эмгегине кайтып келүүгө жана заманбап жашоодо кыргыз адабиятынын өнүгүүсү тууралуу маселелерди талкуулоого багытталат. Китептин бет ачарына жазуучу, илимпоз, академиктер жана башкалар катышмакчы.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан