Бүгүн, 21-августта президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жээнбеков Атамбаевге КСДПнын атынан президенттикке талапкер болуп жатканын, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкер кылып каттаганын айтып, отставкага кетүү чечимине келгенин айтты.
Президент анын отставкасын кабыл алды. "Сиз премьер-министр кызматында болуп, артылган үмүттү актадыңыз. Менин президенттик мөөнөтүмдөгү өкмөттөрдүн ичинен сиз башкарган курам эң мыктысы болду", - деди Атамбаев.