Президенттикке аттанып жаткан Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-августта премьер-министрликтен кетти. Жаңы өкмөт башчы ким боло турганы коомдо кызуу талкууланууда. Бул кызматка ким келиши мүмкүн экени тууралуу саясатчылар жана депутаттар SUPER.KG порталына ойлорун айтышты.
Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Мирлан Бакиров:
"Алдын ала маалымат боюнча, өкмөт башчы болот деп Сапар Исаковдун жана Албек Ибраимовдун аттары аталууда. Парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн атынан талапкер сунушталат. Азырынча Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чакырыла элек. Премьер-министрлик орун өтө жоопкерчиликтүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө өлкөнүн экономикасы, чарбасы аткаруу бийлигинен түздөн-түз көз каранды. Ошондон улам жеке оюм боюнча бул кызматка көпчүлүк коалициясы 3-4 талапкердин арасынан тажрыйбасын, басып өткөн жолун, программасын карап чыгып алып чыкса туура болот. Ошондой эле келе жаткан президенттик шайлоону таза өткөрө ала турган адам өкмөт башчы болуусу зарыл".
Жарандык активист Адиль Турдукулов:
"Премьер-министр ким боло турган маалымат ачык эле чыкты го. КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков ачык Сапар Исаков көрсөтүлө турганын айтты. Чарбалык иштен эч кандай тажрыйбасы жок адамды өкмөт башчы кылып дайындоо туура эмес. Бир эле дипломатиялык нукта иштеген адамды бул кызматка койгон болбойт. Ошондой эле парламенттик өлкө деген жөн гана сөз экенин, белгиси экенин көрсөтөт. Сапар Исаков Атамбаевдин кишиси, ал таңуулаган адам. Бирок менин оюмча, бул маселе парламентте жеңил-желпи өтүп кетпейт. Анткени Жогорку Кеңеш 3-4 ай мурдагы парламентке салыштырмалуу башкача кадамдарды жасайт. Алардын Кыргыз мамлекетинде көз карандысыз шайлоо өтсүн деген ниети болсо президентке жана президенттик аппаратка туруштук бериши керек. “Бир бол”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” жана “Республика-Ата Журт” фракциялары биргеликте туруштук бере алат деп ишенем".
КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров:
"Кимди премьер-министрликке көрсөтүү маселесин көпчүлүк коалициясы чечет. Азыркы учурда жалгыз Сапар Исаковдун талапкерлиги айтылып жатат. Ушул жуманын аягында көпчүлүк коалициясы өкмөт башчыны көрсөтүү маселесин карашы мүмкүн".
Жарандык активист Эдил Байсалов:
"Азыркы учурда Жогорку Кеңештин жаңы өкмөттүн курамын бекитүүсү туура эмес, элди сыйлабагандык болуп калат. Убактылуу техникалык өкмөт иштеп турушу керек. Премьер-министрдин милдеттерин аткаруу биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге же башкасына жүктөлүшү зарыл. Анан шайлоо өткөндөн кийин жаңы өкмөт шайланышы туура болот".
“Кыргызстан” фракциясынан депутат Айтмамат Назаров:
"Бул кызматка бара турган болжолдуу түрдө 2-3 кишинин аттары аталып жатат. Алар Сапар Исаков, Албек Ибраимов жана Калыкбек Султанов. Эми көпчүлүк коалициясы 3-4 күндө чогулушу мүмкүн, ошондо белгилүү болот".
“Ата Мекен” фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов:
"Такталбаган маалыматтар боюнча, жаңы премьер-министр Сапар Исаков болот деп жатышат. Премьер-министрдин милдеттерин аткаруу биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жүктөлгөнү менен, ал бул кызматында калабы айтуу кыйын. Кара бөлмөдөн кара мышыкты издөөнүн кажети жок".
“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Аида Исмаилова:
"Өкмөт башчылык кызматка ким келе турганы боюнча интернеттеги социалдык түйүндөргө ар кандай маалыматтар чыгып жатат. Мен бирок андай маалыматтарга ишенбейм. Бир нече жолу ал жердеги маалыматтар тастыкталбай калган. Ошол эле учурда Сапар Исаковдун талапкерлиги көрсөтүлө турганын айтып жатышат. Анын талапкерлигине каршылыгым жок. Анткени Исаков жаш саясатчы, эл аралык мамилелерди жакшы билет. Ишти жакшы алып кете алат деп ойлойм".
“Бир Бол” фракциясынан депутат Улугбек Ормонов:
"Расмий эмес түрдө Сапар Исаковдун талапкерлиги айтылууда. Ал жаш, билимдүү, интеллигенттүү адам. Президенттик аппаратта тышкы байланыштар боюнча өзүнүн жакшы иштерин көрсөттү".