113 жыл мурун, 1904-жылы 22-августта кытай саясатчысы жана реформатор Дэн Сяопин Сычуань провинциясындагы Гуанъань кыштагында төрөлгөн. Чыныгы аты-жөнү Дэн Сяньшэн болгон. Анын кичине кезинде апасы каза болуп калат. Атасы аны мыкты делген мектепке киргизип, билим алуусуна шарт түзөт. Окуп жүргөн чагында фамилиясын Сяопин деп өзгөртөт. 1919-жылы 15 жаш курагында Францияга окууга жөнөйт. Акчадан кыйналганына байланыштуу окуп да, иштеп да жүргөн. Алгач темир жолдо, кийинчерээк “Рено” автозаводунда, андан соң өрт өчүргүч, официант болуп эмгектенет.
1923-жылы Кытай жаштарынын коммунисттик союзуна кирет.
1923-жылы Кытай Коммунисттик партиясына (ККП) өтүп, Кытай жаштар союзунун лидери да боло алган.
1926-жылы Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин университетине тапшырып, билим алат.
1945-жылы Кытай Коммунисттик партиясынын секретары болуп орношот.
1952-жылы вице-премьер болуп иштейт.
1966-1969-жылдардагы маданий төңкөрүштөн кийин Дэн достору менен репрессияга кабылышкан.
1973-жылы акталып, премьер-министрдин орун басары болуп дайындалат.
1975-жылы ККПнын төрагасынын орун басары болуп кызмат кылган.
1977-жылдан тарта өлкөнүн экономикасын, айыл чарбасын, өндүрүш, курулуш, экспортту жөндөөгө жетише алган.
Ал 1997-жылы 19-февралда Пекинде каза болгон.
1996-жылы анын ысымы июнда Бишкектин көчөсүнө ыйгарылган.