Бишкекте кыргыз-герман музыканттарынын трио концерти болот

30-майда Бишкек шаарында германиялык виоленчелист (виоленчел ойноочу музыкант) Дмитрий Горновский катышкан концерт болот. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди. Классикалык музыкалар жаңырган бул концерт Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда, саат 18:30да башталат. Анда музыканттар Д.Горновскийдин, Эрнис Асаналиевдин, Амир Тебенихиндин аткаруусунда Иоганесс Брамс, Дмитрий Шостакович жана Феликс Мендельсондун чыгармалары тартууланат. “Эски достук мамиле, музыканы түшүнүү жана аспаптарда мыкты ойноо аларды даңазалуу трио кылып бириктирди”,- дешет уюштуруучулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан