Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн иши үзгүлтүккө учурабашы керек экенин айтты. Бул тууралуу 22-августта ал министрликтердин жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен болгон жыйында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы окуу жылына карата даярдыктар, кышка даярдануу, табият кырсыгынан жабыркаган аймактарда социалдык объекттердин курулушун аягына чыгаруу керек экенин баса белгиледи.
"Өкмөттүн толук курамы бүгүнкү күндөн тартып, өз кызматынын милдетин аткаруучу катары өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин кызматын улантат. Биринчи кезекте буга чейинки пландарды ишке ашырууну улантып, мурдагы калыпта иштеп берсеңиздер деп айтар элем", - деди Абылгазиев.