Бүгүн, 23-августта президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз мамлекети менен Орусиянын ортосунда аскердик-техникалык кызматташуу чөйрөсүндө мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелери, террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенишүүнүн ар түрдүү жолдору талкууланды. Атамбаев менен Патрушев ошондой эле аймактагы жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылуунун орчундуу маселелерин дагы талкуулашты.
Николай Патрушев өлкөгө Кыргыз Республикасы менен Орусиянын тиешелүү мамлекеттик органдарынын ортосунда пландаштырылган жумушчу кеңешүүлөргө катышуу үчүн келген. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров дагы катышты.