Парламенттин 23-майдагы жыйынында “2011-жылы бюджеттин аткарылышы тууралуу отчётту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Дамира Ниязалиева эмне себептен 2011-жылдын отчёту эми каралып жатканын айтып, “Регламентке ылайык, бул маселени мурун эле караш керек эле да. Эмне себептен бүгүнкү убакка чейин каралган эмес?”- деди. Депутат Ахматбек Келдибеков Эсептөө палатасы тарабынан аудит жүргүзүлгөн соң гана отчёт угуларын билдирди. Ал эми Эсептөө палатасынын өкүлү аталган палатада 6 жетекчи алмашкандыктан жана Каржы министрлиги менен тактоолор көпкө жүргүзүлгөндүктөн 2011-жылдын отчёту эми каралып жатканын билдирди.