ЖКда Жантөрө Сатыбалдиев бир катар министрлердин орун басарларына сөгүш жарыялагандыгы боюнча түшүндүрмө берди

23-майдагы ЖКнын жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бир катар министрлердин орун басарларына сөгүш жарыялагандыгынын себебин түшүндүрүп берди. «Кээ бир жетекчилерге сөгүш жарыялангандыгы боюнча коомчулукта ар кандай сын-пикирлер айтылып жатат. Биз ага барбасак «өкмөт отчётту алып, өзүнө баа бере алган жок» деп да айтышат болчу»,- деди өкмөт башчы. Ошондой эле ал Энергетика жана өнөр жай министри октябрь айында кышка 100 пайыз даярбыз деп билдиргенин айтты. «Баарыбызга, анын ичинде журналисттерге да кышка даярдык жакшы экендиги тууралуу маалымат берилди эле, бирок кыш өзүнүн баасын берди, ошонун негизинде жыйынтык чыгарылды»,- деди өкмөт башчы. Мамлекеттик Салык жана Бажы кызматтарынын жетекчилери көрсөтүлгөн чектеги каражат топтобогондугуна байланыштуу сөгүш алгандыгын айтты Сатыбалдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан