Темир Сариев: "Шайлоо алдында бийликтин көзөмөлү жок телеканал дээрлик калбады"

Оппозициялык "Сентябрь" телеканалынын жабылышы боюнча Темир Сариев билдирүү жасады. Президенттикке талапкер Сариев өлкөдө сөз эркиндигинин абалы жакшы эместигин белгилейт.

"Президенттик шайлоонун алдында бийликтин көзөмөлүндө болбогон телеканалдар дээрлик калган жок. Муну жол берилгис жана биздин коом үчүн зыяндуу деп эсептейм! ... "Сентябрь" телеканалынын бүдөмүк укуктук негиздөө менен кыска убакытта жабылышы сөз эркиндигине басым жасоону ырастаган дагы бир окуя. Биз ар бир жаран маалымат алуу укугуна ээ болгон, сөз эркиндиги фундаменталдык баалуулук болуп саналган демократиялык коомдо жашайбыз. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мен мурдагы режимдердин катачылыктарын кайталабоо жана сөз эркиндигин коргоо үчүн мүмкүн болгон бардык ишти жасоо чакырыгы менен өлкө президентине кайрылам. Сөз эркиндигин басмырлоо эмнеге алып барарын биз 2009-2010-жылдардагы тажрыйбадан улам билебиз", - деди Сариев.

Эскерте кетсек, 22-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Сентябрь” телеканалына карата прокуратуранын доо арызын канааттандырып, аталган каналдын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Буга 2016-жылдын 29-сентябрында Ош ОИИБинин мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун түз эфирдеги сүйлөгөн сөзү негиз болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан