Үч талапкер президенттик шайлоого катышуудан баш тарткандыгы боюнча арыз берди. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, баш тарткан талапкерлер Марат Иманкулов, Бакыт Дегенбаев жана Сайнидин Султанидинов.
Эске салсак, шайлоо 15-октябрга белгиленген. Учурда кол топтоо процедурасы жүрүүдө. 8 талапкер 30 миңден ашык кол топтоо баракчаларын тапшырган. Алардын төртөөсү БШКнын каттоосунан өтүп, күбөлүк тапшырылган.