Бишкек шаарында 29-май күнү “Кыргызстан менен Япониянын кызматташтык көпүрөсү” аттуу фестиваль өтөт. Бул тууралуу кыргыз-япон адамды өнүктүрүү борборунан билдиришти. Фестиваль Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 80 жылдыгына арналып уюштурулуп жатат. Себеби аталган борбор менен университет көп мезгилдер бою тыгыз байланышта болуп келет. Ал эми иш-чарада концерттик кече, япон тасмаларынын көрсөтүлүшү, спорттук көнүгүүлөр, балдардын оюн-зооктору жана башкалар уюштурулат.