Бүгүн, 25-августта Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулат. Карала турган жалгыз маселе - өкмөттүн жаңы курамын жана премьер-министрди шайлоо.
24-августта Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы министрлер кабинетин жетектөөгө Сапар Исаковдун талапкерлигин көрсөтүүнү чечкен. Мындан тышкары өкмөттүн курамында өзгөрүү болору күтүлүүдө. Вице-премьерлер, айрым агенттик, комитеттердин башчылары алмашары күтүлөт. Ал эми өкмөттүк түзүм мурдагы бойдон каларын премьерликке талапкер Сапар Исаков ырастады.