Бүгүн, 25-августта Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйыны өтүүдө. Анда өкмөттүн жаңы курамы жана программасы талкууланып жатат.
Жыйындын жүрүшүндө КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев милиция кызматкерлеринин айлык маяналарын көтөрүүнү суранды. "Оперлер күн сайын өмүрүн тобокелге салып иштешет. Бирок айлыктары аз", - деди депутат.
Премьер-министрликке талапкер Сапар Исаков милиция кызматкерлеринин маяна маселеси абдан маанилүү экенин айтты. "Биз бул маселени карап чыгышыбыз керек. Буга системдик өзгөрүүлөр керек. Ички иштер министрлигиндеги реформалардын үстүнөн мекеменин жетекчиси менен чогуу иштейбиз. Улан Исраиловду көп жыл билем. Ал процесске киргенден бери ИИМде жакшы өзгөрүүлөр болду", - деди Исаков.
Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер министрликке талапкер Темирбек Жумакадыров ИИМдеги реформалардын алкагында мыйзам долбоорлору даяр экенин айтты. "Долбоорлордо социалдык камсыздоо жагы каралган. Алардын үстүнөн талкуу жүрүп жатат. Андан соң силер колдоп берсеңер ишке ашат", - деп кайрылды депутаттарга Жумакадыров.