Жогорку Кеңештин КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракцияларынан турган көпчүлүк коалициясы өкмөттүн жаңы курамын жана программасын бир добуштан жактырды. Эми бул маселе саат 14:00дө парламенттин жалпы жыйынында каралмакчы.
Өкмөттүн сунушталган курамы:
– Премьер-министр – Сапар Исаков, 40 жашта;
– Биринчи вице-премьер-министр – Толкунбек Абдыгулов, 41 жашта;
– Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Дүйшөнбек Зилалиев, 44 жашта;
– Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр – Темир Жумакадыров, 38 жашта;
– Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Чолпон Султанбекова, 48 жашта;
– Билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева, 50 жашта;
– Эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Таалайкүл Исакунова, 50 жашта;
– Өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр – Нурханбек Момуналиев, 46 жашта;
– Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев, 51 жашта;
– Маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков, 66 жашта;
– Транспорт жана жол министри – Жамшитбек Калилов, 60 жашта;
– Ички иштер министри – Улан Исраилов, 43 жашта;
– Юстиция министри – Уран Ахметов, 38 жашта;
– Каржы министри – Адылбек Касымалиев, 56 жашта;
– Экономика министри – Артем Новиков, 30 жашта;
– Өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов, 52 жашта;
– Саламаттыкты сактоо министри – Талантбек Батыралиев, 57 жашта;
– Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев, 42 жашта;
– Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы - Абдил Сегизбаев, 44 жашта;
– Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Уланбек Рыскулов, 44 жашта;
– Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы – Нурбек Абасканов, 36 жашта;
– Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы – Мирбек Касымкулов, 49 жашта.