Депутат 30 жаштагы Артем Новиков тууралуу: "Министр болуу үчүн жакшы бала болуу жетишсиз"

Бүгүн, 25-августта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында премьер-министрликке Сапар Исаковдун талапкерлиги, өкмөттүн курамы жана программасы каралууда.

Анын жүрүшүндө "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев кайсы ийгиликтери үчүн Артем Новиков экономика министри кызматына сунушталып жатканына кызыкты. "Жаңы өкмөткө жаш кадрлар келет деп жатышат. Мисалы, Новиков көп жыл бою эксперт болуп иштеген экен. Мурунку экономика министри жаман иштедиби?" - деп сурады депутат.

Сапар Исаков жаңы өкмөткө кирбей калган мурдагы министрлер көчөдө калбастыгын айтып, башка жерде мыкты иштей ала турганын билдирди. "Артем Новиков 2007-жылдан бери Экономика министрлигинде иштеген. Андан соң өкмөттө эксперт болуп, 3 вице-премьер-министрдин кеңешчиси болгон. Кийин президенттик аппаратта иштеди. Новиков жаш болсо дагы экономика илимдеринин кандидаты. Жөнөкөй жакшы бала", - деди Исаков.

Масалиев министр болуу үчүн жакшы бала болуу жетишсиз экенин айтты. "Өкмөткө жаштар келет" дегени жакшы угулат, бирок Экономика министрлиги эксперименттерди жүргүзчү мекеме эмес", - деди Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан