Парламенттик комитет Исаков сунуштаган өкмөттүн курамын жактырды. Бир депутат добуш бербей койду

Бүгүн, 25-августта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында премьер-министрликке Сапар Исаковдун талапкерлиги, өкмөттүн курамы жана программасы каралды.

Комитет мүчөлөрү Исаковго жана министрликке талапкерлерге суроолорун берип, жооп алган соң добуш берилди. Жыйынтыгында комитет сунушталган өкмөттүн түзүмүн жана курамын жактырды. Бир депутат Мыктыбек Абдылдаев ("Бир Бол" фракциясы) добуш берүүдөн баш тартты.

Айта кетсек, Жогорку Кеңешке өкмөттүн төмөнкүдөй курамы сунушталууда.

– Премьер-министр – Сапар Исаков, 40 жашта;

– Биринчи вице-премьер-министр – Толкунбек Абдыгулов, 41 жашта;

– Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Дүйшөнбек Зилалиев, 44 жашта;

– Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр – Темир Жумакадыров, 38 жашта;

– Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Чолпон Султанбекова, 48 жашта;

– Билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева, 50 жашта;

– Эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Таалайкүл Исакунова, 50 жашта;

– Өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр – Нурханбек Момуналиев, 46 жашта;

– Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев, 51 жашта;

– Маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков, 66 жашта;

– Транспорт жана жол министри – Жамшитбек Калилов, 60 жашта;

– Ички иштер министри – Улан Исраилов, 43 жашта;

– Юстиция министри – Уран Ахметов, 38 жашта;

– Каржы министри – Адылбек Касымалиев, 56 жашта;

– Экономика министри – Артем Новиков, 30 жашта;

– Өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов, 52 жашта;

– Саламаттыкты сактоо министри – Талантбек Батыралиев, 57 жашта;

– Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев, 42 жашта;

– Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы - Абдил Сегизбаев, 44 жашта;

– Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Уланбек Рыскулов, 44 жашта;

– Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы – Нурбек Абасканов, 36 жашта;

– Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы – Мирбек Касымкулов, 49 жашта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан