Парламенттин 23-майдагы жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге депутаттардын атынан “бүгүнкү өкмөттүн курмаына жана башкаруу системине канааттанасызбы?” деген суроо берилди. Буга премьер-министр төмөнкүдөй жооп узатты: “Парламенттик башкаруудагы мамлекетте жашап жаткан соң "канааттанам" деп айтканга мажбурмун. Себеби коалициялык өкмөттүн тарыхтары окшош, ал эми адам катары ыраазы эмесмин. Өкмөттүн башкаруу системин биз түзүшүбүз керек. Жер-жерлерде бийлик түзүлгөн жок”. Ошондой эле өкмөт башчы 2012-жылдын сентябрь айында өкмөттүн конкреттүү программасы менен келерин билдиргенин, бирок азыр ал убадасын аткара электигин билдирди. “3-4 айда программа киргизем" деп шашылып айтып алыптырмын. Бузулуп калганды оңдоо, кайра түзөө өтө оор экен. Жоктон бар кылуу жеңил окшойт. Сиздерден кечирим сурайм мен берген убадамды аткара албай жатам, бирок бул маселенин үстүндө иштөөдөбүз”,- деди Сатыбалдиев.
Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2012-жыл боюнча отчёту каралууда.