"Кумтөрдөгү" экология боюнча жылдык төлөмдөрдү 10 эсе көбөйтүүнү "Центеррадан" талап кылуу керек. Бул тууралуу 25-августта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министр кызматына талапкер Сапар Исаков билдирди.
Талапкер "Центерра" "Кумтөрдү" дагы 7-8 жыл иштетип, андан кийин кетерин айтты. "Бүгүнкү күндө экологиялык төлөмдөргө жыл сайын 310 миң доллар төлөнөт. Муну 10 эсе көбөйтүү керек. Мындан тышкары "Центерранын" социалдык жоопкерчилигин да жогорулатуу зарыл. Убакыт өтүп жатат, сүйлөшүүлөр жүргөнү менен жакшы жыйынтык болгон жок", - деди Исаков.
Жогорку Кеңеште жаңы өкмөттү шайлоо маселеси каралууда.