Билим берүү министрлиги: "Учурда мугалимдердин орточо айлыгы 11 миң сом"

Кыргыз жеринде ушул тапта мугалимдердин орточо маянасы 11 049 сом. Бул тууралуу 25-августта Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Министрлик 2015-жылдан бери мугалимдердин айлыгы 50,5 пайызга көбөйгөнүн маалымдайт.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевадан жаш мугалимдердин айлыгы канча экенин сурап, министр так жооп айта алган эмес. Министр мугалимдердин орточо айлыгы азыркы учурда 14 миң сом экенин айткан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан